Эртең, 11-июнда "Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 11-июнда Төмөнкү Ала-Арча айылында электр берүү линияларында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Төмөнкү Ала-Арча айылы Школьная, 7а дарегинде жайгашкан "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт.
"Аталган даректе жайгашкан мекемеде саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы берилбейт. Ошондуктан "Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт", - деп айтылат маалыматта.
Каттоо кызматы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.