Жо Байден Дональд Трамптын TikTok тиркемеси менен WeChat мессенжерине тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жо Байден бул тыюу салынган жарлыктар күчүн жоготконун билдирген.
"АКШнын азыркы бийлиги Кытайда иштелип чыккан тиркемелер боюнча коопсуздук тармагындагы тобокелдиктерди баалоо үчүн өзүнүн талдоосун жүргүзүүнү ниеттенүүдө. Ага байланыштуу АКШнын Соода министрлиги Кытайда иштелип чыккан тиркемелерди жана андагы маалыматтарды изилдеп чыгат. Андан соң министрлик америкалыктардын жеке маалыматтарын мындан ары коргоо тууралуу сунушун бериши керек", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 6-августунда Дональд Трамп эки социалдык тармакка тыюу салган жарлыгын чыгарган. Ошондой эле 2021-жылдын 5-январында Кытайдын интернет тиркемелерине чектөө киргизген жарлык кабыл алган болчу.