Германия эмдөөнүн санарип күбөлүктөрүн бере баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Йенс Шпанга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, санарип күбөлүккө далил CovPass деп аталган смартфондун тиркемеси болот. Ошондой эле жарандар буга чейин колдонулуп келген CWA тиркемесин колдоно алышат. Тиркеме аркылуу далил катары адамдар эмдөөнү ырастаган күбөлүктү өздөрү менен кошо ала алышат.
Германия санарип эмдөө күбөлүктөрүн пландаштырылгандан эрте бере баштады. План боюнча, 14-июнда бериле баштамак. Эмдөөдөн өткөн жарандар тиркемени ресторандарда, маданий жана башка иш-чараларда колдоно алышат.
Буга чейин Европа парламенти "вакцинанын паспортун" - коронавируска каршы эмдөөнү тастыктаган санарип күбөлүгүн киргизүүнү жактырган.