Биз социалдык тармакта

Ошто бир түндө кароосуз жүргөн 54 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда “Өспүрүм-түн” аталышындагы иш-чара өттү. Анын алкагында 54 өспүрүм кароосуз жүргөнү аныкталды.
Облустук милициянын маалымат кызматынан белгилешкендей, рейд өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу максатында 9-июнь күнү жүргүзүлдү.
"Иш-чаранын жүрүшүндө Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда 54 өспүрүм аныкталып, ата-энелеринин катышуусунда эскертүүлөр берилип, үйлөрүнө жиберилди. Андан сырткары интернет клуб, футбол аянтчалары, кафе-ресторандардын ээлерине кароосуз жүргөн жаш өспүрүмдөрдү имаратка киргизбөөгө жана бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабар берүү өтүнүчү келтирилди", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан