Франциянын соту президент Эммануэль Макронду эл менен жолугуу учурунда жаакка чапкан жаранды 4 айга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматка караганда, президентти жаакка чапкан жаран соттун чечими чыгары менен түрмөгө жаза мөөнөтүн өтөө үчүн жиберилет. Прокурор аталган жаранды 18 айга камакка алууну суранган. Айыптоочу жана айыпталуучу тараптын соттун чечимин карап чыгуу өтүнүчүн кайрадан берүүгө туура 10 күндүк мөөнөтү бар экендиги айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы Дром департаментине иш сапары менен барган учурда аны белгисиз жаран жаакка чаап жиберген.