Голливуд актёру Билли Портер белгилүү "Jimmy Choo" бренди менен биргеликте эркектерге арналган шиш така бут кийимдерин чыгарды. Бул тууралуу беделдүү "Vogue" журналына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
51 жаштагы артист эркектер жана аялдар кие турган шиш така бут кийимдердин коллекциясын чыгарды. Анын айтымында, бул коллекциясын апасына арнаган. Апасы шиш така кийүүнү кыялданып келген. Бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кие алган эмес.
Бул коллекцияга шиш така бут кийимдеринин бир канча түрү жана сумкалар кирет. Бут кийимдердин өлчөмү 36дан 45-өлчөмгө чейин. Алар 650 доллардан 1095 долларга чейинки баада сатылмакчы.