Индияда 11 жыл мурда дайынсыз жоголгон кыз кошунасынын үйүнөн табылды

Индиянын Керала штатына караштуу айылдардын биринде мындан туура 11 жыл мурда дайынсыз жоголгон кыз ата-энесинин үйүнөн 500 метр аралыктагы үйдөн табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, Сажита аттуу кыз жоголгон учурда 18 жашта болгон. Ата-энеси, туугандары дайынсыз жоголду деп издеп жүргөн убакта ал өз үйүнөн алыс эмес жерде эле сүйүктүүсү менен жашыруун түрдө жашап жүргөн. Маалыматка караганда, экөөнүн диний ишенимдери ар башка болгондуктан, ата-энелери алардын мамилесин кабыл алышмак эмес. Мындан улам Рахман аттуу сүйүктүүсүнүн үйүндө жашыруун жашап келишкен. Рахмандын жакындарынын айтымында, бул жылдары Рахман бөлмөсүнө эч кимди киргизбей келген. Кокус бирөө-жарым анын бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылса, ал агрессивдүү болуп, чыр чыгарып, эч кимди киргизбей, бөлмөсүндө тамактанып келген. Бул жоругуна түшүнбөгөн ата-энеси анын бөлмөсүндө кыз бар экендигин билишкен да эмес.

Учурда Рахман 34 жашта экендиги айтылат. Бул окуянын ачыкка чыгышына Рахмандын дайынсыз жоголгону себеп болгон. Аны туугандары издеп баштаганда, Рахман башка айылда батирде 11 жыл мурда жоголгон Сажита менен жашап жатканын көрүшкөн. Мындан улам бул окуянын чоо-жайы аныкталып, дайынсыз жоголду делген кыз 11 жыл бою өзүнүн үйүнөн алыс эмес жерде жашап келгендиги белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taxa007
2021-06-11 08:29:04
Мына сага! Сүйүүнүн керемети.
+2
algakaray
2021-06-11 08:52:26
Ата энесин кыйнап журуптур да оозун ачып.
+1
Aselya_9105
2021-06-11 09:19:38
Ушу Индиянын сүйүүсү эле кучтүү, керемет.
+4
zhaynak
2021-06-11 09:32:53
Кино жашодон алынчуу эле, булардын жашоосу кинодон алынган го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан