Дональд Трамп Жо Байденди Владимир Путин менен жолугушууда уктабоону суранды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп анын ордуна келген Жо Байденге Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканда уктап калбоосун суранып, анын эң жакшы каалоо-тилектерин Путинге жеткирүүсүн өтүндү. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

"Путин менен сүйлөшүүдө Байденге ийгилик. Жолугушуу учурунда уктап калбаңыз жана ага (ред. Владимир Путин) менин эң жакшы каалоолорумду жеткирип коюңуз", - деген Трамп.

АКШдагы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп бир нече жолу өзүнүн атаандашын "уйкусураган Жо" деп атаган.

Владимир Путин менен Жо Байден 16-июнь күнү Швейцариянын Женева шаарында жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-06-11 08:47:54
Ичи куйуп атат го. Кандай болсо да Байден озу билет да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан