Израиль жаныбарлардын терисинен жасалган буюмдарды сатууга тыюу салат

Израилдин айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гамлиель жаныбарлардын табигый терисинен жасалган буюмдарды сатууга тыюу салуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, аталган мыйзам 2021-жылдын декабрь айында күчүнө кирет.

"Дүйнө жүзүндө миллиондогон жаныбарлар соода-сатык тармагынын курмандыгы болушат. Мода дүйнөсүндө жаныбарлардын табыгый терисинен жасалган буюмдарды колдонуу ашыкча", - деген министр.

Ошондой эле "PETA" Эл аралык жаныбарларды коргоо уюму, "Animals Now" жаныбарларды коргоо боюнча бей өкмөт уюму Израилдин мындай чечими өлкө үчүн тарыхый чечим болорун белгилешкен.

Белгилеп өтсөк, акыркы жылдары табигый териден жасалган буюмдардан көпчүлүк ири мода үйлөрү баш тарткан. Алардын арасында Armani, Prada, Calvin Klein, Hugo Boss, Ralph Lauren жана Gucci дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан