Грецияда AstraZeneca вакцинасы менен эмделген жаран каза болуп калды

Грециянын жараны AstraZeneca вакцинасы менен эмделгенден кийин каза болду. Бул тууралуу Грециянын басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин анын үйүнөн жакын досу тапкан. Ал кишинин жакын туугандары жана достору ал бир күн бою байланышка чыкпагандыктан, тынчсызданышкан. Каза болгон адамдын бир күн мурун AstraZeneca вакцинасы менен эмделгени белгилүү болгон.

"Өлүмдүн так себеби экспертизанын жардамы менен аныкталат" деп айтылат маалыматта.

Буга чейин эмдөөдөн кийинки өлүм, анын ичинде AstraZeneca вакцинасы себеп болгон учурлар ар кайсы өлкөлөрдө катталган. Бирок адистер белгилегендей, алардын бардыгы эмдөөгө түздөн-түз байланыштуу эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан