Бишкекте катталып жаткан катуу шамалдын кесепетинен 8-июнда 3 адам жабыркап, Улуттук госпиталга жаткырылган. Кийинчерээк дагы 1 адам кайрылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Бүгүнкү күнгө карата эки бейтаптын абалы канааттандырарлык болуп, үйлөрүнө чыгарылса, дагы бир бейтап дарылануусун улантууда. Анын абалы канааттандырарлык экенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан белгилешти.
Катуу шамалдын кесепетинен Бишкекте, Чүйдө жана Таласта электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, "Түндүк электр" ишканасы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Бактар сынып, кулап, унааны басып калган.