Чүйдө милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айжанат Өмүрбек кызын издешүүдө. Ал 19-майда Алтын-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан өспүрүм буга чейин да бир нече ирет үйүнөн качканын, милиция кызматкерлери аны таап келгенин билдирет.
Изделип жаткан кыздын бою 150-155 сантиметр, кара тору, орто салмакта, чачтары узун, кара, көздөрү күрөң.
Эгерде кимде-ким Айжанат Өмүрбек кызы тууралуу маалымат билсе кабар берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0701 80 18 03 (издөө тобу).