Биз социалдык тармакта

Орусиянын мигранттарга карата кабыл алган токтому. Элчиликтен экзаменди кимдер тапшырууга милдеттүү экенин айтты

Орусиянын өкмөтү "Чет тили катары орус тилинен сынак тапшыруу үчүн зарыл болгон билимдин минималдуу деңгээлине, Орусиянын тарыхына жана мыйзамдарынын негиздерине талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомду жарыялаган.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен жогорудагы документ айрым ала тоолуктарга гана тиешелүү экенин кабарлайт.
"ЕАЭБге мүчө болуп саналган мамлекеттердин жарандары ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, мүчө мамлекетте эмгек ишмердигин ишке ашырууга уруксат алуусу талап кылынбайт. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө. Андыктан Орусия өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому Кыргыз жарандарына тиешеси жок.
Бирок Орусиянын аймагында убактылуу жашоого же жашоо үчүн уруксат алууну көздөгөн Кыргыз жарандары Орусиянын тарыхы жана мыйзамдарынын негиздери, орус тили боюнча экзамен тапшыруусу зарыл (Орусиянын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык).
Белгилей кетсек, жогорудагы токтом 2021-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирет жана ал күчүнө кирген күндөн тартып 6 жыл бою күчүндө болот", - дешти дипломатиялык кызматтан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Moskva93
2021-06-11 22:19:54
Жүн баштар
+6
Spb
2021-06-11 23:29:28
Пётр Пушкин менен Лермантовдун тарыхтары бизге не керек бул жагы ашыкча озу деле орустардын оздору жакшы билишпейт тарыхтарын мигрантарга еле кыйын болуп атат билбесен дагы штраф
+6
almanbetperm
2021-06-12 12:21:20
Бул экзамени илгертен бери эле барго, РВП, ВнЖ, гражданство алганда созсуз тапшырасын
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан