АКШнын жараны мээсинин бир бөлүгүн алдырып салды

АКШнын 32 жаштагы жараны Жоди Смит өлүмдөн коркуу сезиминен арылуу үчүн мээсинин бир бөлүгүн өз ыктыяры менен алдырып салды. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жарыяланып, Смит 26 жашынан бери талма оорусу менен жабыркап келгени айтылат.

Аны өлүмдөн коркуу сезими кыжаалат кылып, толук кандуу жашоого тоскоол болуп келген. Башкача айтканда, Жоди Смит күн сайын кыска, катуу эмоционалдык - жаман нерсе боло тургандай же жамандык башталып бараткандай сезимдерге туш болчу. Дарыгерлер Смиттин катуу коркконунун так себебин аныктай алышкан эмес.

"Операция - бул талма ооруларынын күчөшүн, мээнин андан ары жабыркашынын же өлүмдүн алдын алуунун жалгыз жолу", - деп түшүндүргөн Смит.
Операция эки этап менен жасалган. Адегенде дарыгерлер Смиттин мээсине зонддорду орнотуп, көйгөйгө себеп болгон мээнин бөлүгүнө бир апта бою байкоо жасашкан. Андан кийин амигдала же адамдын эмоционалдык реакциялары, кабыл алуу, эсте тутуу сыяктуу маңыздуу функцияларга жооп берген мээнин бөлүгүн алдырткан. Операциядан кийин бейтаптын эс-тутумунда анча-мынча кыйынчылыктар болуп, бирок өлүмдөн коркуу сезими жоголгон.
Нейрохирургдар мындай операция эпилепсия менен ооруган көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала тургандыгын белгилешкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baiaman997
2021-06-12 16:30:21
Мендагы иштебей жаткан болугун не кылсам болот
+3
Aidan_Ek
2021-06-12 16:47:59
Baiaman997,Иштеп калаар эми бир куну, умутуну узбо алтыным
+14
Asmat84
2021-06-12 21:05:52
Baiaman997, баасы көтөрүлгөндө сатасың
+6
Asyl.jazi
2021-06-13 12:45:34
Баары бир бир кун олосун да. Тооба кылдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан