Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен расмий жолугушардын алдында америкалык телеканалдардын бирине маек берди. Анда ал АКШнын мурунку жана азыркы президенттеринин ортосундагы айырмачылыкты айтты.
"АКШнын учурдагы президенти Жо Байден мурунку лидер Дональд Трамптан аябай эле айырмаланат. Ал мансаптуу саясатчы, өмүр бою саясатта келе жатат. Ал такыр башкача адам. Бул анын артыкчылыгы жана кемчилиги. Кандайдыр бир импульсивдүү аракеттерге барбайт деп ишенем", - деген ал өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, эки өлкө башчылары 16-июнда Женева шаарында жолугушат.