Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктап, телеграмма жиберди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Телеграммада Ким Чен Ын өзүнүн жана Түндүк Корея элинин атынан Путинди жана орус элин Орусия күнү менен куттуктап, өлкө башчыга бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалап, ал эми орус элине өсүп-өнүгүү менен бакубатчылык тилегендиги айтылат.