Биз социалдык тармакта

Түркия Кыргыз өлкөсүнө гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтөт

Түркия Кыргыз өлкөсүнүн Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди.

"Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу - эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алышып, тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү", - деп белгиледи Руслан Казакбаев.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү экономика багытында кыргыз ишкерлерин жана түрк инвесторлорун колдоо үчүн келечекте Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун ачуу өтө маанилүү экенин түшүнүүгө жетишишти.

Тараптар тышкы иштер министри белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү керек деген пикирге келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-06-12 18:09:45
Бар экенсинер го э, ушундай чоон чон келишимдердин устундо жоолугушкула. Жон эле барып келе бербей.
+6
aibekkk
2021-06-12 18:37:00
zhaynak,оа да кийинкисинде сени да алабарышса уйротуп турат элен а
+3
zhaynak
2021-06-12 21:35:57
aibekkk, жок бара албайм, менин озумо жараша мамлекеттик жумушум бар, колум бошобойт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан