Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Түрк аба каттамдары аптасына 28 ирет жүргүзүлмөй болду

Кыргыз-Түрк аба каттамдарынын саны көбөйтүлөт. Өнөктөш өлкө Кыргыз өлкөсүнүн сунушун канааттандырганын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди.

"Дагы бир маанилүү маселе - эки өлкөнүн жарандарынын сапарларын жөнөкөйлөштүрүү, атап айтканда визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу талкууланды. Бул маселе жалпы жонунан каралды, андыктан миграция кызматтарынын жана Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде дагы көп иштерди жасоо зарыл.

Авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси дагы көтөрүлүп, биз тараптан аптасына 28 авиакаттам жүргүзүү суранычы келтирилди. Түркиянын президенти бул сунушка макул болду", - деди тышкы иштер министри.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Анкара шаарына 9-июнда барып, 11-июнда кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Simels
2021-06-12 18:35:49
Аптасына 28 жолу? Айына эмеспи?
+2
Mirbek7506
2021-06-12 19:18:49
Ошондо күнүнө төрт жолу учуп калабы
+3
Kudi
2021-06-12 19:44:30
Булар адашып калды айнып пайнып калган супер
+5
Topcubai
2021-06-12 21:05:46
Kudi,күн ысып,ысык уруп салган окшойт)))
+2
KAYRATBEK
2021-06-12 20:05:55
Туркияга тавар эмес кыздарыбызды экспорт кылат экенбизда. Бул ачуу чындык. Аллах сактасын Ата-энелер кыздарынарды Туркияга жонотпогуло сураныч
+7
Asmat84
2021-06-12 21:02:49
Мына сага деп бир Бишкек бир күн Анкара болуп калат экенбиз да
-1
Dembele84
2021-06-12 21:25:57
Кыз келиндер Турцияга толуп кетип,жаман иштерге барып,ата энесин уят кылбаса болду
+2
Zumrudianka
2021-06-12 22:25:31
Аллахым кыздарыбызга эле эмес жигиттерибизге чон чон эжелерибизге ыйман ынсап берсин. Мен билген бир кыз кемпир багып туркияда и окуп 7 тилди билет эле дальше Италия Австралия журуп келип сонун эле Кыргыз жигитине турмушка чыкты. А синдим Аллаага шугур салон красоты да оштеп атат ак эмгеги менен, Аллахым эч кимди жолунан адаштырбасын
+3
Alia82
2021-06-13 07:56:46
Zumrudianka,туура айтасын баарыбызга ыйман берсин Кудайым, кырг.да туруп деле жаман жургондор толтура го
0
Kari
2021-06-13 13:53:03
Бузулган кыздар Кыргызстанда жок дейсинерби.Толтура го.Ар бирибизге ыйман,ынсап берсин.Кайда болсок да оз напсибизди тыя билгендерден бололук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан