Бишкекте мындан бир апта мурда эс-учун жоготкон абалда табылган жарандын аты-жөнү аныкталбай жатат. Ал учурда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө. Дарыгерлердин айтымында, бейтап тууралуу милиция кызматкерлерине кабар беришкен, бирок бүгүнкү күнгө чейин маалымат жок.
Маалым болгондой, 6-июнда "Тез жардам" кызматы аркылуу 50-55 жаш чамасындагы эркек киши эс-учун жоготкон абалда ооруканага келип түшкөн. Ал Юнусалиев жана Саманчиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдынан табылган. Укук коргоочуларга билдирүү жиберилген, бирок эч кандай маалымат жок. Дарыгерлер сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы бар болсо байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 622462, 666403.