Биз социалдык тармакта

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров ИИМге иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады.

"Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
stal.ks
2021-06-14 10:37:42
Жолдордун талапга жооп бербегени кунолуу, (тар,ичке,яма) жана айдоочулук куболукту сатып алган (окуган эмес) жана спирттик ичимдик ичкенден.
+2
bessmertiy
2021-06-14 14:03:40
stal.ks, жолдордун яма болуп оюлуп жыртылып кеткендери жакшы. Тегиз жол бизге жарашпайт, ылдамдыкты көзгө илбей айдап калышат.
+1
stal.ks
2021-06-14 20:57:25
bessmertiy,ямадан качам деп встречный полосога чыгып кетет да жол талашып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан