Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 3 адам каза болгон жол кырсыгы: Жаракат алгандардын абалдары орто оордукта

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында эки кыз жана алардын апасынын өмүрүн алган автокырсык катталган. Кырсыктын кесепетинен дагы 3 адам жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бейтаптар тууралуу маалымат беришти.

"2014-жылы туулган бала денесинен жаракат алып, баш мээси чайкалган. Учурда абалы орто оор, травматология болүмүндө жатат. 1985-жылы туулган аял ушундай жаракат менен ооруканага түшкөн, ал Бишкектен дарыланам деп чыгып кеткен. Ал эми 1987-жылы туулган эркек киши кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп, учурда травматология бөлүмүнө которулуп, дарылануудан өтүүдө. Абалы орто оор деп бааланууда", - дешти маалымат кызматынан.

Кырсык тууралуу:

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан автокырсык 12-июнда саат 11:30 чамасында катталганын кабарлаган. Анда токтоп турган Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унааны Мерседес-Бенц унаасы сүзүп кеткен. Айдоочу рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен Фольксваген-Пассат унаасынын жүргүнчүлөрү 1988-жылы туулган тургуну жана анын 2017 жана 2020-жылы туулган кыздары окуя болгон жерден мерт кеткен. 2015-жылы туулган баласы Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө түшкөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан