Биз социалдык тармакта

Жасалма диплом менен жүргөнү маалымдалган Төрөбай Зулпукаров кайсы жерлерде иштеген?

Бүгүн, 14-июнда УКМК мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңеште "КСДП" фракциясынан депутат З.Т.З тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы болгону аныкталганын маалымдады. SUPER.KG порталына өздүк булактардын кабарлаганына ылайык, жасалма дипломду депутат Төрөбай Зулпукаров колдонуп жүргөн.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, жасалма диплом колдонуп жүрөт деп айтылып жаткан Төрөбай Зулпукаров эмгек жолун 1994-жылы Ички иштер органдарында спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштөөдөн баштаган. Төмөндө Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган маалымат:

Төрөбай Зулпукаров 1974-жылдын 19-январында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган.

1992-1993-жылдары Улуттук Гвардиянын атайын багыттагы бөлүмүндө кызмат өтөгөн.

Жогорку билимдүү:

1. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин тарых факультетин аяктаган.

2. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1994- жылы (1999-жылга чейин) Ички иштер органдарында спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштөөдөн баштаган. Спорттун кармашып урушуу (рукопашный бой) түрү боюнча чебери, 2-дан кара курдун ээси.

1998-2010-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен V-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2010-2012-жылдары Жогорку Кеӊештин укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.

2012-2015-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары.

2012-2015-жылдары Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү.

2013-2015-жылдары Жогорку Кеӊеш жана Казакстан парламентинин мажлиси ортосундагы кызматташтык боюнча комиссиясынын теӊ төрагасы. Коргоо кеӊешинин мүчөсү.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен VI- чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин орун басарлыгына бекитилген. Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.

2016-жылдан азыркы убакытка чейин Жогорку Кенештин Иордания, Сирия Араб Республикасы, Палестина мамлекети, Сауд Арабия королдугу, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт мамлекети жана Катар менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси.

Класстык чендери: Мамлекеттик кызматтын III - класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Аскердик наамы: Запастагы полковник.

Сыйлыктары:

Жогорку Кеӊештин ардак грамотасы;

КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын ардак грамотасы;

Ички иштер министрлигинин «Ардак» медалы;

Якутия Республикасынын парламентинин ардак грамотасы;

Мамлекеттик кызматтын отличниги;

Финансы-экономикалык ишинин отличниги;

Бүткүл дүйнөлүк кармашып урушуу федерациясынын алтын медалы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
souza.j
2021-06-14 12:37:31
Спорт менен эле кете бербепсин да сазга батпай.
+8
Rusi79
2021-06-14 13:21:36
Кочодон спортко спорттон рекетчиликке дальше депутат андан нары мнистирлик...
Тура эмес кесип тандаган окшойм жогорку билимдуу богом деп
+6
Zarema11
2021-06-14 14:16:03
Жасалма менен кыйла ишти иштеп коюптур тааныш билиш дос боло коюп.Ушундайлар көп үчүн өлкө ушул бойдон да
+7
Kari
2021-06-14 15:01:40
Эми ошончо жылдык алган айлыгын мамлекетке кайтарып беруу керек болот.Бул жагы чоон проблема да.Заочный эле окуса болмок та.Сатып алынган дипломдун эч кимге пайдасы тийбейт.Билимсиздер бийликте,таанышы барлар бийликте.Кызыл менен окугандар ишке кире албай жургондор толтура.Калгандардын да дипломдорун текшерип,билим денгээлин текшерип,анан ишке орноштурса копчулук креслосунан кол жууйт.
+4
munarbek.92
2021-06-14 16:19:20
Эх Кыргызстан Кыргызстан
0
munarbek.92
2021-06-14 16:21:51
Кыргызстанда любой нерсе кылса боло берет экенда диплом сатып алып иштесе дагы болот даже президент болсо дагы болот турбайбы диплом сатып алып Кыргызстанда даже иттер чоп жеп малдар эт жейт крокодилдер учуп куштар сууда дагы журот Утопия деген ушул окшойт
+3
nazira...
2021-06-14 18:26:56
Ош мам.унив.юрфагын бүттү деп атат го, ошол диплому жарай берсе керек.
0
aikaademi
2021-06-14 22:03:01
nazira..., ОшМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом пайдаланып атпайбы, натыйжада ал да жараксыз болуп калат
0
Omyke
2021-06-15 00:43:45
Палчаны барында куп эле жургон экенго чиркин Болбосо наскисин эле сатмак)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан