Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы Айжанат Өмүрбек кызы дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган. Ал курбусунун үйүнөн табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 12-июнда Бишкектеги жаңы конуштардын биринен курбусунун үйүнөн табылган.
Облустук милициянын маалымат кызматынан өспүрүм буга чейин да бир нече ирет үйүнөн качканын, милиция кызматкерлери аны таап үйүнө өткөрүп келгенин билдирет.