Муфтияттын маалымат кызматынан быйыл Курман айт майрамынын болжолдуу датасын айтты. Ага ылайык, Курман айт 20-июлда же 21-июлда белгиленет.
Айт майрамынын так күнү бир апта калганда айтыларын кошумчалашты мекемеден.
Муфтияттын билдиришинче, курмандыкка бодо малдар, тактап айтканда төө, уй жана кой жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл.