Биз социалдык тармакта

Бишкекте эс-учун билбеген абалда ооруканага түшкөн бейтаптын жакындары табылды

Бишкектеги Улуттук госпиталга эс-учун билбеген абалда түшкөн бейтаптын жакындары табылды. Бул туурасында бүгүн, 14-июнда ооруканадан кабарлашып, бейтап эсине келгенин, абалы канааттандырарлык экендигин белгилешти.

Эске салсак, 6-июнда "Тез жардам" кызматы аркылуу 50-55 жаш чамасындагы эркек киши эс-учун жоготкон абалда ооруканага келип түшкөн. Ал Юнусалиев жана Саманчиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдынан табылган. Дарыгерлер укук коргоочуларга билдирүү жиберишкен, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Мындан улам бейтаптын жакындары же ал жөнүндө маалымат билгендер изделип жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-06-14 15:20:48
Аллаага шугур.Жакшы болуптур табылганы.Буюрса эртерээк айыгып кетсин.Жардам керек болсо копчулук жардам беребиз,жок дегенде 50 сомдон чогултсак та тузук эле болуп калат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан