Биз социалдык тармакта

"Коомдук транспортто жүрөбүз, кадимки эле иштерди жасайбыз". Асылбек Жээнбековдун кызы атасы тууралуу пост жазды

"Атам саясатка келгенге чейин 30 жыл мурун бизнес менен алектенген. Анын байлыгы мындан көбөйүп кетпегенин көрүп турам жана билем", - дейт депутат Асылбек Жээнбековдун кичүү кызы.

Анын билдирүүсү саясатчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Бир жума мурун атам экөөбүз, ал мени кантип тосуп аларын жана өзүмдүн мекеним Кыргыз өлкөсүнө барарымды пландаганбыз. Мага бала кезден жаратылышты сүйүүгө жана урматтоого үйрөткөн атам кесибимди да чогуу тандашты. Саякаттан жакын досторум менен кайтып келсем атам үйдө жок.

Эне жылуу үй болсо, ата дүйнөгө кантип туура жол табууну үйрөткөн адам. Бир ата жүз мугалимден артык деп ишенимдүү айта алам. Менин оюмча, дээрлик баары күмөнү жок атасын мыкты деп айтат! Мен дагы. Адам үй-бүлөсүнөн баалуулуктарды үйрөнүп, ошондой калыптанат. Ал эми атам бизди ар дайым жөнөкөйлүккө, адептүүлүккө жана башкаларды урматтоого үйрөттү. Ал саясатка келгенге чейин отуз жыл мурун бизнес менен алектенген. Анын байлыгы мындан көбөйүп кетпегенин көрүп турам жана билем. Менин атам, атамдын атасы жана чоң аталарынын баары ийгиликтүү болушкан. Атам бизди акчага байланып калбоого үйрөтүп, аркы дүйнөдө ар бир тапкан нерсебиз үчүн жооп беребиз деп айтат. Биз коомдук транспорттордо жүрөбүз, өзүбүз тамак жасайбыз, конокторду тособуз, кадимкидей эле иштерди жасайбыз. Башка адамдар ойлогондой жашабайбыз. Чоң атам балдарын ушундай тарбиялаган, атам да бизди ушинтип тарбиялап келет. Атам ар кандай эмгек баалуу деп үйрөткөн. Акча жана бийлик туруктуу эмес. Эң маанилүүсү, жан-дүйнөң жана топтогон билимиң. Эки агам жана эки эжем Улуттук жана Славян университеттерин аяктаган, эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштешпейт, ар ким өз жолу менен кеткен. Мен "Манасты" бүтүрүп, академиялык карьера курууну чечтим. Атама билдирбестен, Санкт-Петербургдагы Ветеринардык медицина университетинин магистратурасына экзамен тапшырып, бюджеттик орунга өтүп кеттим. Илимий эмгектерди жазып, стипендия алам. Билимге алууга умтулган адам кайсы жерден болсо да алат деген атам чет өлкөдө окуума кайдыгер мамиле жасап келген",- деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tursunbaev1978
2021-06-14 21:39:54
Туура айтасың эч ким өз атасын жаман дебейт,атаң ак болсо чыгат,күнөөсүн далилдесе жооп берет
+22
Real98
2021-06-14 21:44:46
Эл билет кимдин ким экенин. Капа болбо чырагым, атаң сен ойлогондой эмес...
+20
al-abu-kinesz
2021-06-14 22:00:03
Ооба, сенин козун менен караганда так ошондой. Бирок копчулуктун, элдин козу андай корбойт да чон кыз. Калк айтса калп айтпайт дейт. Ак болсо эл 5000сомдон сатылбай эле оздору колдомок..
+15
Royal88
2021-06-14 22:02:48
Жеиютеерлик дунуйону бекитип запас кылып койсонор керек
+10
rysik79
2021-06-14 22:15:11
Атаңызды жаман деген эч ким жок. Атаңыз жөн гана коррупционерге шектелген адам.
+14
Nurmat8921
2021-06-14 22:54:50
Өзүңорго керек болсо кыласынарда не милдет кыласың
0
Mr.altynbek
2021-06-14 23:23:52
Оа атан суттон ак,суудан таза бирок ушу элди акын миллиондоп жеп койгонун айтпаганда.
+6
nazira...
2021-06-15 00:01:43
Таза иштесе сени загранда окута алмак эмес, ошо элдин акчасына сен чет жакта окуп жүрөсүн. Ата энени, өз баласын эч ким жаман дебейт, жаман жагы болсо да ал көзгө көрүнбөйт. Убагында атаңар силерди ойлосо аз жеп, кудай деп, элим деп иштемек. Эч кимдин башына салбасын мындайды. Ошон үчүн ак, таза иштеш керек, кудай баарын көрүп турат.
+7
Omyke
2021-06-15 00:24:22
Ар кимдики озуно ай корунот козуно,
Атаныз сизди чет олкого окутам деп кобуроок ап деп алган экенда))
+7
Kombi
2021-06-15 17:39:12
Кумторду элге откорууну 2012 жылы колдоп
Койсо элге жакшы болмок жеке баштарын ойлобой. 9 жылда канча алтынды чыгарып кетти.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан