Биз социалдык тармакта

Тоолуу аймактарда сел жүрөт. 15-июнга карата аба ырайы

14-15-июнь күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

15-июнда күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Талас жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +11…+13, күндүзгү жогорку температурасы +29…+31 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан