Кант шаарында 2013-жылдын 26-27-октябрында Орусиянын "Кант" авиациялык базасынын 10 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу аталган авиабазанын басма сөз кызматы билдирет. "Кант" Орусиянын чет элдеги жападан жалгыз авиабазасы. 2013-жылы авиабазанын учкучтары эл аралык антитеррористтик окуу-машыгууларга 2 ирет катышышты. Юбилей күнү учкучтарды Орусиянын Коргоо министринин 1-орун басары, армиянын генералы Аркадий Бахин жана Москвадан атайын келген делегация куттуктайт.