Баткенде 16 жаштагы Бегимай Кенжебаева 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал бүгүн, 14-июнда табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБинин жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Бегимай Кенжебаева Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир ажы" базарында жүргөн жеринен табылып, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Облустук милициядан бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.
Эске салсак, ал 11-июнь күнү саат 06:30 чамасында Баткендеги өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.