Биз социалдык тармакта

Бишкекте от казандарды күз-кыш мезгилине даярдоо иштери уланууда

"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы от казандарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, от казандарда тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, насостор, клапандар, электр жабдуулары, приборлор жана автоматика оңдолуп, жаңыланган.

"Сезонго карата №59, 78, 81, 79, 83, 96, 82, 40, 49, 32, 23, 35, 18, 50 мектептериндеги, ошондой эле Ак-Өргө жаңы конушундагы, Тойгонбаев, Лев Толстой көчөлөрүндөгү, Жаш Гвардия бульварындагы, №12 бала бакчадагы от казандар даярдалды. Жалпысынан ишкананын балансында 66 откана бар", - деп айтылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан