14-июнга карата республикада өсүмдүк майына болгон эң жогорку баа 189 сомду түздү. Улуттук статистикалык комитет 1-июндан 14-июнь аралыгына чейин азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, эң жогорку баа Исфана шаарында катталып, 1 литр өсүмдүк май 192 сомдон сатылууда. Ал эми Талас шаарында 1 литр майга болгон баа 161 сомду түзүп, эң төмөнкү баа деп табылды.
