Новосибирсктеги май куюучу жайдагы жарылуунун себеби аныкталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы май куюучу жайдагы өрттүн келип чыгышына коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.
Бүгүн, 14-июнда Новосибирскте май куюучу жай жарылып, бир нече жабырлануучу, анын ичинде эки өрт өчүргүч күйүк менен ооруканаларга жөнөтүлдү. Акыркы маалыматтар боюнча мындан 24 адам жабыркаган. Алардын катарында кичинекей бала дагы бар.