Биз социалдык тармакта

Депутат Чалдыбар-Балыкчы багытында тез жүрүүчү поезд каттамын ишке киргизүү зарыл экенин айтты

Депутат Адыл Кемелов Чалдыбар-Балыкчы багытында тез жүрүүчү поезд каттамын ишке киргизүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Темир жол тармагы кайсы мамлекеттин болбосун маанилүү стратегиялык ишканасы болуп саналат. Анын жардамы менен жүргүнчүлөрдү тейлөөдөн тышкары, керек болсо аскердик техникалардан тартып, турмуш-тиричиликке зарыл болгон товарларга чейин ташып жеткирүү кызматтары аткарылат. Коңшу Казакстанды эле алып көрсөк, тез ылдамдыктагы поезддер жүрүп, өнүгүү тенденциясы тереңдеп барат. Алыс кетпей эле ошол коңшулардын катарында кабелтең иш кылышыбыз зарыл болуп турат. Чалдыбар-Балыкчы багытында тез жүрүүчү поезд каттамын ишке кирсе калкыбыз үчүн камкордук болмок.

Темир жолду өнүктүрүү боюнча стратегиялык план жокко эсе. Аны жакында ошол тармак менен таанышып келген көчмө жыйында баамдадык", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-06-15 02:32:49
Жакшы сунуш. Ушундай болсо сонун болмок. Арзан дагы, пробка дагы жок болмок.
0
Asmat84
2021-06-15 11:53:16
algakaray,ал сенин кыялындагы жомок
Темир жол эмес кара жолдорду эптей албай атканда бул планынарды кийинкиге жылдыргыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан