Бүгүн, 15-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 843 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 15-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 843 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 857 метр куб, агып чыгышы 407 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 14-июнда суу сактагычта 10 миллиард 805 миллион метр куб суу бар болчу.