Бүгүн, 25-октябрда Оштун айрым райондорунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт

Ош облусунун айрым райондорунда бүгүн, 25-октябрь күнү электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Эртең мененки саат 8:00дөн 17:00гө чейин Баткен облусуна караштуу бир катар райондордо электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКсынын басма сөз кызматы маалымдады. Электр энергиясы Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айыл округунда, Алай районундагы Талдык айыл округунда, Ноокат районундагы Төөлөс, Мирзахмудов, Кара-Таш, Көк-Жар айыл округдарында жана Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак жана Нариман айыл округдарында убактылуу өчүрүлөт. Электр энергиясы «Ошэлектр» ААКсынын тармактарында пландуу оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу өчүрүлүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан