Улуу Британиянын Суонси шаарынын жашоочусу жарым жыл ичинде дээрлик 85 килограммга арыктап, бул көрсөткүчкө кандай жеткенин жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып айткан. Анын маеги чет элдик ЖМКларга жарыяланууда.
Ага ылайык, 23 жаштагы Жош Темпл өспүрүм кезинен баштап ашказаны ооругандыгына байланыштуу дары-дармек көп колдонуп, толо баштаган. Убакыт өткөн сайын анын салмагы улам жаңы сандар менен алмашып турган. 2020-жылдын февраль айында анын салмагы 177 килограммды түзгөн.
"Жумушка барганда күн сайын тепкич менен чыгууга туура келчү. Бул мен үчүн күн сайын оор боло баштады. Ар бир кадам таштаган сайын оор дем ала баштадым. Жашоо образымды тезинен өзгөртүү керектигин түшүнүп, арыктоого жардам берүүчү машыгуу залына бара баштадым. Буга чейин күн сайын таттууларды, сэндвич, тез татым, майлуу, куурулган азыктарды колдонуп келсем, эми аларды жашылча-жемиштер, үйдө жасалган пайдалуу жана жеңил азыктарга алмаштырдым. Күн сайын спорт менен машыгууну адатка айланттым. Мээнетим 6 айда натыйжа берип, 85 килограммга арыктадым", - деп билдирген ал өз маегинде.