5 жаштагы "жумушчулар" дагы бар. Дүйнөдө жумушка тартылган балдардын саны көбөйүүдө

Акыркы төрт жылдын ичинде дүйнө жүзүндө иштеген балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны 8 миллион 400 миңге көбөйүп, 160 миллионго жеткен. Ошондой эле буга чейин 20 жыл аралыгында иштеген балдардын масштабы жылдан жылга азайып келген. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун жаңы докладында айтылганын БУУ жарыялады.

Анын авторлорунун чочулашынын себеби - пандемияга байланыштуу көптөгөн балдар жана кыздар аман калуу үчүн окуудан чыгып, иштөөгө аргасыз болуп жатканын билдиришкен. Эл аралык эмгек уюмунун жаңы отчёту 12-июнда белгиленүүчү балдар эмгегин жоюу боюнча эл аралык күндүн алдында жарыяланды.

"2000-2016-жылдар аралыгында иштеген балдардын саны 94 миллионго азайган. Бирок акыркы төрт жылдагы тенденциялар бул жетишкендиктерди жокко чыгарышы мүмкүн.

Докладдын авторлорунун айтымында, 160 миллион жашы жете элек жумушчулардын жарымы 5 жаштан 11 жашка чейинки балдар. Мындан тышкары 5 жаштан 17 жашка чейинки 79 миллионго жакын улан-кыз ден соолугу жана өмүрү кооптуу шарттарда иштеп жатышат - шахталарда, фермаларда жана плантацияларда, алар көп учурда кооптуу техникалар жана уулуу түтүн менен иштешет. Ден соолукка коркунучтуу жумуштарда иштеген балдардын саны 2016-жылдан бери 6 миллион 500 миңге өскөн.

Жаңы көрсөткүчтөр - өтө кооптуу сигнал. Биз жаш муундун коркунучтарга дуушар болуп жатканына көз жума албайбыз", - деген Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гай Райдер.

"Ал кырдаалды оңдоого болот жана бул үчүн балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо механизмдерин жакшы иштетиш керек деп эсептейт. Дал ушул механизмдер ата-энелерге экономикалык кыйынчылык учурунда балдарын окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого мүмкүндүк берет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан