Биз социалдык тармакта

Ат-Башыда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мадиев 100 жашында дүйнө салды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдаалы Мадиев 100 жашында көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына акимдин орун басары Жылдыз Жантелиева билдирди.

Анын айтымында, Мадиев 8-июнь күнү каза болуп, кичи мекенинде жерге берилген.

"Турдаалы Мадиев 1921-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. Айылдык мектепте окуп, билим алган. 1942-жылы жаз мезгилинде советтик армиянын катарына чакырылып, согушка барган. 1946-жылы август айында Ат-Башыга жеңиш менен келген. Райондун сугат тармактар башкармалыгында жана чумага каршы станциясында көп жылдар бою эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан", - деп билдирди ал.

Турдаалы Мадиев аскердик кызматта мыкты кызмат өтөгөндүгү жана эрдиги үчүн 2-даражадагы Улуу Ата Мекендик согуштун ордени жана күжүрмөн 7 медалы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан