Акыркы суткада өлкө боюнча COVID-19 илдетинен 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Бишкекте 4, Чүйдө 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап көз жумду.
Өлкө боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 905 кишини түздү.