Аргентинанын прокуратурасы легендарлуу футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө 7 адам шектүү экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, футболчунун өлүмүнө анын ден соолугун көзөмөлгө алган 7 адам күнөөлүү болушу мүмкүн.
"Айыпталып жаткан медайым, медайымдардын координатору, дарыгер, психолог, психиатр жана нейрохирург 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Сан-Исидро шаарынын Башкы прокуратурасы Марадонаны караган дарыгерлер тобу талаптагыдай иш алып барбагандыгын билдирген.
Ошондой эле дарыгерлерге Аргентинадан башка мамлекетке чыгууга тыюу салынды", - деп жазылат маалыматта.
Марадона 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумган. Полиция анын жеке дарыгерин, ошондой эле Марадона каза болгон күнү нөөмөттө турган медайымды суракка алган.