Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байден талкуулай турган темалардын сап башында Украина, Беларусь жана Алексей Навальный турат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун сөзүнө таянып жазышууда.
"Анын айтымында, мамлекет башчылары стратегиялык туруктуулукту, пандемияны, кибер кылмыштуулукка каршы күрөштү, экономикалык кызматташууну, климаттын өзгөрүшү темаларын талкуулашат. Украина, Сирия, Ливия, Ооганстан жана Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар дагы күн тартибинде каралат. Ошондой эле Путин менен Байден орусиялыктардын үчүнчү өлкөлөрдө кармалышы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши жана Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелердин жалпы маселелерин талкуулашат.
Ушаков эки тарап тең алдын ала макулдашылбаган ар кандай темада сүйлөшүшү мүмкүн деп кошумчалады. Президенттин жардамчысы темаларды координациялоодо өзгөчө көйгөйлөр жок экендигин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Байден менен Путин 16-июнда Швейцариянын Женева шаарындагы Ла Гранж вилласында жолугушат. Байден кызматка киришкенден бери эки саясатчы биринчи жолу бетме-бет кездешет.