Биз социалдык тармакта

Биринчи айым жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарына колдоо көрсөтөрүн айтты

Бүгүн, 15-июнь күнү Бишкекте жергиликтүү кеңештерге депутат болгон айымдарды сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова катышып, депутат айымдарга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

"Мен бүгүн аялдардын көздөрүнөн үмүттү, ишеничти көрүп турдум. Бул да болсо биздин мамлекеттин чоң секирик жасаганы. 38 пайыз аялдар жергиликтүү кеңештерге шайланганы чоң жеңиш. Сиздерди куттуктайм. Айымдар сиздерди азыр эл карап, ишенип турат. Сиздер түз иш жүргүзүп кетсеңиздер, дагы да 30 пайыз көбөйтүү болот", - деген Жапарова.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага региондордон 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо жеңишке жетишкен 40ка чукул аял депутат келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан