Биз социалдык тармакта

Депутат Зулпукаровдун диплому тууралуу анын жактоочусу билдирүү таратты

"Кумтөр" боюнча камакка алынган депутат Төрөбай Зулпукаровдун жасалма делген диплому боюнча анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Ал жасалма диплом боюнча окуяны элдин көңүлүн башкага буруу үчүн уюштурулган дейт.

"Албетте, бул элдин көңүлүн абсурддук шек саноодон алаксытуу. Аны эмне үчүн УКМКнын СИЗОсуна отургузгандыгын, эмнеге шектелип жаткандыгын бирөө-жарым түшүндүбү? "Кумтөр" иши боюнча" деген өтө катуу сөздөр гана болгон, негизгиси карапайым калкка жагат. Бирок күмөн такыр башкача, атүгүл "Кумтөр" боюнча канадалык тарап менен түзүлгөн келишимдерге жакындабайт.

Ошондуктан жеке адамдар элдин көңүлүн башка жакка буруп, жасалма делген дипломго багыттоону көздөп жатышат.

Биринчиден, Зулпукаров өзү бул иш боюнча суракка алынган жок, экинчиден, ал жасалма документ жасады деп шектелип жаткан жок, анткени жүйөлүү шектенүүлөр жок жана Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынат.

Депутаттын жубайы тергөөчүнүн талабы боюнча аларга дипломдун түп нускасын өзү алып келип бергени, бирок кийинчерээк ал интернетке чыгып кеткени өзгөчө күлкүлүү.

Ушундан улам биздин коопсуздук кызматкерлер эмне кылып жатышат деген суроо пайда болот. Кылмыш ишин иликтеп жатышабы же депутатты тергөө абагында кармоо үчүн кандайдыр бир себептерди издөө менен алектенип жаптышабы? Же шайлоочулар алдында кадыр-баркын кетирүү мененби?", - деп жазган Токтакунова.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат З.Т. тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталганы маалымдалган.

SUPER.KG порталына өздүк булактардын кабарлашынча, жасалма дипломду депутат Төрөбай Зулпукаров колдонуп жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shabi
2021-06-15 18:53:54
Анан, ошондо эмне дегин келип жатат.Диплом жазалма эмес дегени жатабы.Кыпкыргызча эле айтты го,ал номерлуу диплом вообще башка адамга берилген деп КМУ.актанган менен пайда жок,диплому жазалма экени далили бар да
+7
patriot.kg94
2021-06-15 21:51:45
Эмне жасалма диплому эч нерсе эмеспи ошондо
+2
Zumrudianka
2021-06-16 10:26:22
Акча берсен адвокатын да тузду сахар дейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан