Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суу былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард 345 миллион куб метрге аз

Токтогул суу сактагычында суу былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард 345 миллион куб метрге аз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитет “2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча жана Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарынын топтолушунун абалы жөнүндө” маселени карады. Бул маселе боюнча баяндаманы энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жасады. Анын айтымында, азыркы учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 843 миллион куб метрди түзөт. Бул былтыркыдан 2 миллиард 345 миллион куб метрге аз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sainazarov0555
2021-06-15 21:38:04
Кыш келгиче суу кобойуп калаар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан