Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева коё берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациянын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.
Мамасалиева Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүн шайлоого байкоо салуу үчүн барганы айтылды.