Асхат Бердиев "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев Бердиевди "Улуттук энергетикалык холдингдин" жамааты менен тааныштырды.
Буга чейин бул кызматты Бакыт Сыдыков ээлеп келген, ал эми Асхат Бердиев төраганын биринчи орун басары кызматын аркалаган.