Биз социалдык тармакта

Президенттик администрация Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча Эл аралык кылмыш сотко кайрылуу демилге тууралуу билдирүү таратты

Президенттик администрация Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынын ушул жылдын 28-30-апрелиндеги мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Учурда Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.

Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.

Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-FREEDOM-
2021-06-15 22:48:11
Тынчтык жолу мн чечилсин. Элге тынчылык керек. Мисалы биз чек арада жашайбыз жанжалдын кереги жок. Карапайым элге эле кыйын болот. Же ишибизди кылалбай же кеталбай отуравыз . Дагы эмне болуп кетет деп
+8
-FREEDOM-
2021-06-15 22:49:16
Кудайга койдук аларды . Аллах таразалап алат!
+10
Agayu
2021-06-15 23:29:22
Тынчтык жолу эн жакшы жол .Типа биз правбыз деп Бийликтин шаштысын алайын деген акмактар .Алар элди ойлошпойт. Только оздорун гана ойлошот Кыргыздар акылды кыска эмес : терен иштетейли. Сабырсыз болсок чек ара эч качан чечилбейт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан