Израиль өлкөсү бет кап тагынуудан жана эмдөөдөн толугу менен баш тартты

Израиль өлкөсү коронавирус илдетинин деңгээли эң төмөнкү деңгээлге түшкөндүктөн бет кап тагынуудан жана эмдөөдөн толугу менен баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 15-июндан тартып Израиль бийлиги банк, супермаркет сыяктуу коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүү талаптарын толугу менен жокко чыгарып, коронавирус инфекциясынын деңгээли эң төмөнкү деңгээлге түшкөндүктөн өлкө ичинде эмдөөдөн баш тартышкан.

Апрель айында израилдиктерге коргоочу шаймандарды сыртта кийбөөгө уруксат берилип, калган бардык чектөөлөр 1-июндан баштап алып салынды. Эми бардык адамдар бет каптан баш тарта алышат.

Израилде коронавируска каршы массалык эмдөө 2020-жылдын 20-декабрында башталган. 10-январда жарандар экинчи дозасын ала башташкан. Учурда биринчи эмдөөдөн 5,4 миллиондон ашуун адам өтсө, экинчи дозаны 5,1 миллиондон ашык жаран алган.
Өлкөнүн тогуз миллионго жакын калкынын 50 пайыздан ашыгы толук эмдөөдөн өткөн. Жай мезгилинин башталышы менен алар 12-15 жаштагы өспүрүмдөргө эмдөө жүргүзө башташкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-06-16 06:44:31
Жөөттөргө ишениш деле жок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан