Кытайлык аял кирпигин 20 сантиметрге өстүрүп дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кытайлык Ю Цзянься аттуу аял кирпигинин узундугу боюнча өзүнүн рекордун жаңылады. Учурда анын кирпигинин узундугу 20,5 сантиметрди түзөт. Буга чейин ал алгачкы жолу 2016-жылдын 28-июнунда "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ошол учурда анын кирпигинин узундугу 12,4 сантиметр болгон. Туура 5 жылдын аралыгында анын кирпиктери 8 сантиметрге өскөн.
"Мен 2015-жылы кирпиктеримдин тынымсыз өсүп турарын түшүндүм. Алар бара-бара узара баштады. Эмне үчүн кирпиктерим башкалардыкына караганда узунураак экендигин билүү үчүн дарыгерлерге бардым. Алар таң калып түшүндүрө алышкан эмес", - дейт Цзянься.
Ошондой эле ал эч качан тушь же кирпик өстүрүүчү каражат колдонбогондугун, узун кирпиктеринин жардамы менен көзү макияжсыз эле укмуштуудай көрүнөрүн кошумчалаган.