Тажик аскер кызматкерлери "Катта-Туз" мунай скважинасын кайрадан иштетип баштоону талап кылышууда
Тажикстандын Улуттук мамлекеттик
коопсуздук кызматынын чек ара аскер кызматкерлери 24-октябрда Кыргызстандын
Баткен облусунун Лейлек районундагы “Катта-Туз” мунай скважинасы бар
тилкеге мыйзамсыз киришкен. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Эки мамлекеттин чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусунун
жүрүшүндө тажик тарап “Катта-Туз” мунай скважинасын эксплуатациялоону
жандандырууну талап кылды. Бирок кыргыз тарап мындай билдирүү негизсиз
экендигин белгилеп, тажиктердин бул тилкеде кандайдыр бир иш-аракеттерди
жүргүзүүсүнө макул эместигин билдирди. Аталган аймак кыргыз-тажик мамлекеттик чек
арасынын ортосундагы такталбаган тилке болуп саналат. Азыркы тапта Кыргызстандын Лейлек чек ара отрядынын “Достук”
чек ара тозоту (застава) жайгашкан бул тилкеде жагдай татаал бойдон калууда. Лейлек чек ара кошуунунун чек ара тозоттору күчөтүлгөн тартипте
чек араны кайтарышууда. “Катта-Туз” мунай скважинасы турган кыргыз-тажик мамлекеттик
чек ара тилкесинде кандайдыр бир чыр-чатактардын болуп кетпеши үчүн Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук
мамлекеттик кызматынын чек ара аскерлеринин дарегине бул жер тилкесине юридикалык аныктама берилмейинче кандайыр бир
иш-аракеттерди көрүүнү токтотуп, чек арадагы кырдаалды күчөтүүгө жол бербөө боюнча сунуш
кат жөнөттү.